5 жана 10 сом номиналындагы эки купюра аукционго коюлду

1306

Сатыкка чыгарылган купюралардын сериялык номери өзгөчө, баасы да кымбат. 1200 доллар же 82 миң сом турат. Эки купюрада тең «үлгү» деген жазуу бар жана сериялык номери жалаң нөл санынан турат.

Улуттук банктан билдиргендей, үлгү катары чыгарылган купюраларга бир нерсе сатып алууга болбойт.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын валюталары аукцион аркылуу буга чейин да сатылып келген. Мисалы, бир тыйын үлгүсүндөгү кагаз акчасы 3 миң рублга бааланган.