5 жаштагы Каусарды дарылатуу үчүн 120 миң доллар талап кылынууда (видео)

8183

5 жаштагы Каусар Кубатбекованы дарылатуу үчүн 120 миң доллар талап кылынууда. Бөбөк 2019-жылдан бери тромбоцитопения оорусу менен жабыркап келет. Бул  кандагы тромбоциттердин деңгээли нормадан кескин төмөндөп кетиши. Анын айынан майда тамырлар морт болуп, бир жеринен жаракат алса кан көпкө чейин токтобойт.

Мындан улам ооруканада айлап жатууга туура келүүдө. Израилде дарылоого макулдук беришкен. Кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн ата-энеси жашаган үйүн сатыкка коюшкан. Бирок ал сатылганда деле 120 миң долларга жетпейт. Мындан улам кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылууда.