5 жыл аралыгында адам сатуу беренеси боюнча 126 иш козголгон (видео)

2074

Акыркы 5 жыл аралыгында адам сатуу беренеси менен 126 кылмыш иши козголсо, алардын жарымы гана сотко жеткен. Бул тууралуу Ош шаарында кулчулукка каршы өнөктүктүн алкагында өткөрүлгөн тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын айтымында, адам сатуудагы чыныгы көрсөткүч мындан кыйла жогору. Себеби кулчулукка кабылгандардын бир тобу укук коргоо органдарына арызданып кайрылышпайт экен.

Мындай кейиштүү абалга көбүнчө жумуш издеп чет өлкөгө чыккан жарандар кабылат. Алардын айрымдары айлап-жылдап эмгек акы албай иштесе, кээ бирлери сексуалдык кулчулуктан чыга албай жүрүшөт, дешет эксперттер.