50 миң долларга бааланган электр унаа, ток менен жүрүүчү мотоцикл (видео)

4829

Бишкек шаарында электромобилдердин жүрүшү болуп өттү. Бул иш-чара өлкө боюнча алгачкы ирет уюштурулууда. Ага 10дон ашык электр машинасы, 30дай электр мотоцикл жана ток менен жүрүүчү велосипед ээлери катышты.

Акция Бишкек шаарынын 143 жылдыгына карата өткөрүлдү. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, экологияга зыянын тийгизбеген электромобилдерди мындан дагы көбөйтү керек. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча алардын саны 200дөн бир аз гана ашат.