5000 долларга бааланган бука, асыл тукум жылкы сатыкка коюлду (видео)

3068

5 миң долларга бааланган бука, жарыштарда алдыңкы орундарды камсыздаган жылкылар жана башка асыл тукумдагы жандыктар. Бишкек шаарындагы эски аянтта «АгроТехЭкспо-2021» аталышындагы айыл чарба жарманкеси башталды.

Иш-чара 3 күнгө уланып, анда органикалык жер семирткичтерге өскөн азыктардан тарта, асыл тукум малдын түрлөрү жана айыл чарба техникалары сатылат. Ал үчүн фермерлер өлкөнүн баардык аймактарынан келишкен. Ошондой эле жарманкеде жер семирткич, дарынын түрлөрү да коюлган.