52 мигрант менен күйүп кеткен автобус ээси Казакстанга экстрадицияланды

657

Актөбөдө быйыл январда өрттөнүп, салонундагы 52 өзбек жараны тирүүлөй күйүп кеткен автобустун ээси Өзбекстандан Казакстанга экстрадицияланды. Бул тууруалуу 26-декабрда Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Трагедиядан кийин Мехтиев Өзбекстан аймагында жашынып, эл аралык издөөгө алынган. Ал 2018-жылы 20-ноябрда Ташкенттин Сергелий районунда кармалган. Казакстанга экстрадициялангандан кийин Шымкенттеги тергөө абагына жөнөтүлдү.

Өзбекстандын жарандарын салып бараткан автобус быйыл январда Шымкент-Самара кан жолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө өрттөнүп кеткен. Анда автобустун ичиндеги 57 кишинин 52си өлгөн. Үч айдоочу жана эки жүргүнчү аман калган.

Актөбө сотунун 9-ноябрдагы өкүмүнө ылайык, кан жолдө өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары Максат Пернебеков, Нуржан Кыргызбаев жана Барат Танатов беш жылга түрмөгө кесилген. Алардын баары жети жыл бою автоунаа айдоо укугунан да ажыратылган.

Ал эми автобустун ээси Нурлыбек Тилепбаев менен механик Бахадир Пердебаевди үч жарым жылга кесилген.

Соттун чечимине ылайык, алар моралдык чыгым иретинде каза болгон өзбекстандык жарандардын туугандарына 2 миллион тенгеден ($5400) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Сот автобустун айдоочуларын өрт коопсуздугунун талаптарын жана транспорт каражатын пайдалануу эрежесин бузган деп тапкан. Автобустун ээси коммерциялык уюмдун милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы, жалган документ жасаганы, бузук автотранспорт каражатын пайдаланууга чыгарганы үчүн күнөөлүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.