52 мигрант менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды

1063

Өзбекстандык 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ээси Ташкентте колго түшкөнүн, Казакстандын 46 жаштагы жараны экенин өзбек милициясынын басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады.

Шектүүгө «Автоунааны сапатсыз оңдогон жана техникалык мүчүлүштүк менен пайдаланууга берген» деген айып коюлуп жатат. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал Казакстандын укук коргоо органдарына тапшырыларын маалымдады.

Казакстандын Актөбө шаарында бул окуя боюнча сот иши уланууда. Соттолуп жаткандардын арасында автобустун айдоочусу жана механик да бар.

2018-жылдын январында Актөбө облусунун аймагында Орусияга сапар тарткан автобус күйүп кеткен. Анда Казан шаарына иштегени бараткан 52 өзбекстандык көз жумган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.