53 жаштагы дарыгер 12 жашар бейтапты зордуктадыбы? (видео)

1391

12 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөттү, деп шектелген дарыгерге карата кылмыш иши козголуп, ал адам убактылуу камакка алынды. Бул окуя Кемин районунун Орловка шаарчасынын ооруканасында катталган. Анда жетинчи класстын окучуусуна 53 жаштагы терапевт тарабынан жыныстык мүнөздөгү аракеттер жасалганы айтылууда. Жабырлануучунун айтымында, 6-сентябрь күнү таңкы саат төрттөр чамасында дарыгер кыздын палатасына кирип, шал кылуучу ийне сайган. Препараттын таасири менен өспүрүм кыймылдай албай калганда, доктур ыпылас аракеттерди жасаган. Учурда тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.