54 мандат үчүн 70тен ашык партия ат салышууга ниеттенүүдө (видео)

1218

Жогорку Кеңештеги 54 мандат үчүн 70тен ашык партия ат салышууга ниеттенип жатат. Саясий уюмдардан арыз кабыл алуу аяктап, 75 партия документ тапшырган. Бул рекорддук көрсөткүч десек болот.

Буга чейин Кыргызстанда парламенттик башкаруу болуп турганда дагы мынча сандагы партия Жогорку Кеңешке баруу ниетин билдирген эмес. Былтыр октябрда 44 партия арыз калтырган болчу. 6 жыл мурдагы шайлоодо 34 партия саясий өнөктүккө катышууга ниеттенген.