Лейлектеги селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 млн сомду түздү

3475

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Исфана шаарындагы, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектти кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыккан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 млн сомду түзөт. Мадумаров тиешелүү органдарга жарандарга жардам көрсөтүү, селдин кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды берген. Жергиликтүү бийликке турак үйдү камсыздандыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.