Россиядан 378 кыргызстандык мекенине кайтып келди

2955

«Манас» эл аралык аэропорту «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын кабыл алды. Ал учак менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

17-майдагы каттам менен негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келди. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар.

Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8 миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Алардын көпчүлүгү Россияда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.