6 айда 38 млрд. 238 млн. сом салык жана төлөм чогултулду

1106

Жарым жылда салык пландан аз чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматында өтүп жаткан жыйында айтылды. Мекеменин ишин жана пландарын талкуулоого арналган жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.

Быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулганы айтылды. План 96 пайызга аткарылып, салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналган. Бирок бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 725 миллион сомго көп.

Жыйында айтылгандай, болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык органдары аткарган жок. Алар — Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы, Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары.

Жыйындын жүрүшүндө, ресторан, кафе сыяктуу тейлөө жайларына карата салык саясатын өзгөртүү сунушталды. Анткени Кыргызстандагы 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын көтөрүп жатса, тейлөө тармагы патент менен иштеп келатканы сынга алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.