6 айдын ичинде Кыргызстанга которулган акчанын көлөму 126 млн. доллардан ашты

733

Жарым жылдын ичинде Кыргызстанга которулган акчанын көлөму 126 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ошондо былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы көрсөткүч 102 миллион долларга кыскарганы белгилүү болду.

Акча которуулардын саны боюнча биринчи орунда Россияда иштеп жаткан мекендештерибиз турат. Алар 6 айдын ичинде эле 1 миллиард 104 миллион доллар которушкан. Андан кийинки катарда Америка Кошмо штаттарында иштеп жүргөн кыргызстандыктар турат. Ал эми жарым жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган сумма 247 миллион долларды түздү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.