6 бала бакча, 7 мектептин жылуулук түтүктөрү жарактан чыкты (видео)

864

Бишкек шаары боюнча 7 мектеп жана 6 бала бакчанын жылуулук берүүчү түтүктөрү жарактан чыгып, оңдоп түзөөгө муктаж экени белгилүү болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда айтылды.

Борбор калаа администрациясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси тиешелүү обьекттер жакынкы аралыкта оңдоп түзөөдөн өткөрүлө турганын айтты. Бирок кыш мезгилине аз калганда гана мындай аракеттер көрүлүп баштаганы бир топ шаардык депутаттарды наарызы кылды. Айтымдарында, ремонт иштери боюнча тендерлер өтө элек. Ал ишке ашып, оңдоп-түзөө жүргөнчө кыш түшөт.