6 миллион сомго жасалган бюллетендин 9 миңи жараксыз (видео)

711

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү бюллетендерин аймактарга жөнөттү. Бул процесске БШКнын үчтөн кем эмес мүчөсү, талапкерлердин ыйгарым укуктуу адамдары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар таңгакталган бюллетендерди карап чыгып, жараксыз баракчаларды жок кылууга күбө болушту. Жалпысынан 3 миллион 31 миң 811 бюллетень даярдалган. Бул добуш берүү укугуна ээ жарандардын санынан 0,1 пайызга көп. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, дал ушунча бюллетенди ашыкча чыгарууга уруксат. Ал эми жараксызы 227 киллограммды же 9 миңден ашуун баракчаны түздү. Белгилей кетсек, бюллетендерди даярдоого 6 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган.