6 млрд долларлык эки тараптуу документтерге кол коюлду (видео)

728

Эки тараптуу жолугушуудан кийин президенттер «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» деп аталган аймактар аралык 8-конференцияга катышышты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 6 миллиард доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул форум эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганынан кабар берет, деди өлкө башчысы.

Кыргызстанда Россиянын мамлекеттик компанияларынын буйрутмаларын аткара ала турган коргонуу өнөр жай ишканалары бар. Азыр Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болгон Борбор Азиядагы бирден бир өлкө болуп саналат, деди президент Сооронбай Жээнбеков.