6 ресторан, 1 клубдун күйүп кетишине эмне себеп болду? (видео)

827

3 миң чарчы метрден ашык аянты күйүп кеткен кафе-ресторандарды эч ким атайылап өрттөгөн эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы билдирди. Өрттүн чыгышына сапатсыз курулуш материалдары, электр жабдууларын туура эмес колдонуу, чыңалуу сыяктуу бир нече себептер болушу мүмкүн. Бирок атайылап өрттөп жиберүү деген версия жок, дешет адистер. Алардын айтымында, кырсык эмнеден улам келип чыкканы 10 күндө так билинет. Эскерте кетсек, кечээ Бишкектин Токомбаев көчөсүндөгү 6 кафе-ресторан жана бир фитнес клуб күйүп кеткен.