6 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды (видео)

1264

Бүгүнкү күнгө карата алты шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындай чечим аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынды. Буга добуш берүүнүн жол-жоболору бузулгандыгы себеп болду. Алсак, Жалал-Абад областынын Сузак районунда автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү бюллетень менен шайлоого катышкандардын саны дал келген эмес. Мындайча айтканда, 300дөн ашык жаран мыйзам бузуу жолу менен добуш берген. Ал эми Бишкек шаарындагы бир участокто шайлоочулардын тизмесинде жок жарандарга бюллетень таратылып, добуш берүүгө катышкан. Ушундай эле көрүнүш Түркиянын Анкара шаарындагы тилкеде да катталган.