6 жашар Айсезимге жашоо тартуулайлы (видео)

929

6 жаштагы Айсезим тубаса бөйрөк оорусунун азабын тартып келет. Быйыл январь айында анын бөйрөктөрү таптакыр иштебей калган. Мындан улам, заарасы чыкпай, бөбөктү абалы күндөн күнгө оорлоп жатат. 5 айдан бери ал канын гемодиализ менен тазалатып жатат. Дарыгерлер аны сактап калуу үчүн тез арада бөйрөгүн алмаштыруу керектигин айтышууда. Операция Түркия мамлекетинде жасалат, ага 30 миң доллар керек, дешет адистер. Мындай сумманы жөнөкөй мугалимдин үй-бүлөсү чогулта албай жатат. Мындан улам, алты жаштагы Айсезимдин ата-энеси элден жардам сурап кайрылууда.