6 жаштагы бөбөктү зордуктоого аракет жасаган кызматкер (видео)

832

Ош шаарында бала бакчалар менен мектептерде коопсуздук чараларын күчөтүү керек дешет жарандык активисттер. Буга бала бакчанын ичинде 6 жаштагы бөбөктү зордуктоо аракети жасалганы себеп болууда. Баланын апасы бул кылмышка билим берүү жайынын коопсуздук кызматкерин айыптап, Ош шаардык Прокуратурасына жана Ички иштер башкармалыгына кайрылган. Жаш балага карата ыплас аракет жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Шектүү азыр камакта. Ал эми бала бакчанын жетекчилиги мекеменин ичинде мындай окуя болушу мүмкүн эмес дешет.