60 млн сом сарпталган бактар эми өсүп чыгабы? (видео)

977

Бишкек шаарында кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Буга чейин стандарттуу көчөттөр тигилип келсе, бул ирет калаа көчөлөрүндө декоративдүү дарактар пайда болот. Жашылдандыруу ишканасынан билдиришкендей, ири көлөмдөгү бак-дарактарды сатып алууга 60 миллион сом жумшалган. Бирок адистер сарпталган каражат текке кетип, өзүн актабай калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Алардын айтымында, биздин климат декоративдүү бактарга туура келбей калуу коркунучу бар. Андыктан жаңы көчөттөрдү тигип эле койбой, алардын өсүп кетүүсү үчүн чоң эмгек жумшоо керек, дешет биологдор.