60 үй-бүлө турак жайынан айрылып калышы мүмкүн (видео)

685

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын айланасында жашаган 60тан ашуун үй-бүлө бийликке кайрылды. Алар убагында мыйзамдуу сатып алган жердеги турак-жайларынан айрылып калуудан кооптонуп жатышканын билдиришүүдө. Жергиликтүү тургундар 5 жылдан бери калаа бийлиги менен жарым гектар жерди талашып, соттошуп келет.

Бул ишти акыркы жолу Жогорку сот карап, ал талашка түшкөн жер тилкесин мэриянын карамагына өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Бирок жергиликтүү тургундар мындай чечим менен макул эмес. Алардын айтымында, алгач аларга жер сатылгандыгы тууралуу токтом жокко чыгарылып, андан соң гана тилке шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүш керек болчу.