600 доллардан сатылып алынган кычкачтардын баасы Бишкекте — 2,5 миң сом

1632

Бишкек жылуулук электр борборуна 600 доллардан сатылып алынды деген кычкачтар топтому Бишкекте 2,5 миң сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептери жана ал ишкананы модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар насыясынын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда депутат Акылбек Жамангулов айтып чыкты.

Эл өкүлү өткөн дем алыш күндөрү калаадагы базарларды кыдырып, анда өткөн аптада парламентте көрсөтүлгөндөй аспаптардын топтомун 2,5 миң сомго сатып алган. Аны бүгүн Жогорку Кеңешке алып келген.

Ал эми депутаттык комиссиянын корутундусу өткөн бейшемби күнү каралып жатканда, Бишкек ТЭЦинин жетекчиси Андрей Воропаев кычкачтар 320 долларга сатылып алынганын айтып, аны көрсөткөн болчу.

Ошондой эле, бүгүнкү отурумда Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар кредит үстөк пайызын кошкондо 493 миллион доллар бөлүп төлөнөөрү да айтылды. Аны убагында эки тараптуу келишимге кол койгон министрлердин бири, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова тастыктады.