600 долларлык жыгачтар менен 28 миң евролук желим аттар (видео)

1926

28 миң еврого алынган «желим жылкылар» жана 100 миң сомдук отургучтар. Жаңылануусу 95 пайызга бүтүп калган Улуттук тарых музейине анын экспонаттарынан дагы кымбат эмерек алынды. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы бул маданий мекемеде музейинде көчмө жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө өлкөнүн башкы музейин жаңылоодо инсталляция үчүн кадимки жыгач устундар 600 доллардан сатылып алынганы белгилүү болду. Көчмө отурумдун жүрүшүндө Улуттук тарых музейин жаңылоодо тендерлер өтпөгөнү, оңдоп-түзөөгө конкурс жарыяланган учурда эч кандай долбоордук-сметалык документация болгон эместиги ачыкталды. Реконструкция иштеринде одоно мыйзам бузуулар болуп, ашыкча каражат сарпталганын айткан депутаттар тиешелүү документтерди Башкы прокуратура менен Финполиция иликтеп чыгуусун талап кылышты.