№61 мектеп-гимназиясында акыркы коңгуроо кагылды (видео)

1791

Быйыл Кыргызстанда 60 миңдей улан-кыз 11-классты бүтүрүп жатат. Ал эми 9-классты 95 миңге жакын окуучу аяктайт. Бул тууралуу Билим беруу жана илим министрлигинен кабарлашты. Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде өткөн акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн билим уясы менен коштошушту. Алардын катарында, учурунда бир катар мыкты инсандарды тарбиялаган Бишкек шаарындагы №61 физика-математикалык мектеп-гимназиясы да бар. Быйыл бул орто билим берүү жайын 140 окуучу аяктап, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин алдыңкы университеттерине тапшырганы жатышат.