7,5 млрд долларлык долбоор кайсы тармактарды камтыйт? (видео)

530

Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери катышкан бизнес-форумдун жыйынтыгында 7,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлду. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү — тоо кен, агро-өнөр жай, билим берүү жана курулуш тармактарына багытталган.

Алардын арасында, 2 миллиард долларлык эки инвестициялык долбоор бар. Ал эми эң азы 2,5 миллион долларлык долбоор. Бул каражат кыш заводун курууга салынат экен.