7 балалуу үй-бүлө жазга чейин шарты жакшы батирге көчүрүлдү (видео)

523

3 жолу эгиз төрөгөн 7 баланын апасы 26 жаштагы Наргиза Майрамбек кызы үй-бүлөсү менен 1 бөлмөлүү батирге көчүрүлдү. Жаш жубайлар буга чейин Арча-Бешик жаңы конушундагы шарты жок тар тамда жашап келишкен.

Үй-бүлөнүн оор тагдыры тууралуу материал НТС каналынан эфирге чыккандан кийин аларга жардам берүүгө кол сунгандар арбыды. Атын атагысы келбеген депутат 7 баланы тарбиялаган ата-энеге жазга чейин жакшы шарттагы батирде жашаганга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Муну менен катар турак-жайга муктаж болгон дагы эки үй-бүлө ак өргөлүү болду.