7 киши ММА мушкери Муса Юсуповду сабап кетишти (видео)

674

Чүйдө 7 киши ММА мушкери Муса Юсуповду токмоктоп кетти. Окуя Аламүдүн районунун Виноградное айылында болгон. 24 жаштагы спортчуга кол салгандар анын уюлдук телефонун, 500 миң сомун алып кетишкен.

Алынган маалыматтар боюнча, мушкерди топ адам арматура менен сабаган. Мунун кесепетинен, спортчунун буту сынган жана бир нече жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү 7 адамдын бирөө гана кармалды.