7-класстын окуучусунун кош бойлуу болуп калышы боюнча кылмыш иши козголду

1347

Чүй областынын Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №2 мектептин 7-классанын окуучусу кош бойлуу болуп калышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ күнү 7-класстын окуучусу 28 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат тараган. Анда кыздын ата-энеси аны каттоодон өткөрүү үчүн 22-сентябрь күнү үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылышканын, кыздын боюндагы түйүлдүк 28-жумалык болуп калганы белгилүү болгондон кийин, кызын мектептен чыгарып кетишкен.

Учурда бул факт боюнча «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги аталган мектептин директору өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жана бир катар мугалимдерге карата сөгүш жарыяланганын билдирди.

Эске салсак, сентябрдын соңунда Талас областында 7-класстын окуучусу көз жарган. Анда 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды деп 18 жаштагы жаранга кылмыш иш козголгон болчу.