7 жана 13 жаштагы ага-ининин өмүрүн алган даараткана (видео)

904

Чүй областынын Сокулук районунда ага-ини дааратканага түшүп кетип, каза табышты. Каргашалуу окуя өткөн ишемби күнү Военно-Антоновка айлында катталган. Биринчи класстын окуучусу сыртта ойноп жүрүп, кошуна үйдүн ажатканаасына түшүп кеткен.

Аны куткарууга аракет кылган бир тууган агасы да чуңкурга түшкөн. Бул убакта айланада эч ким жок болгондуктан, жардам өтө кеч келген. Маркумдардын жакындары билдиргендей, ажаткана 6-7 метр тереңдикте болуп, каалгасыз турчу.