7 жашар бала, 2 аялдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы (видео)

804

Үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Окуя кечээ күнү Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында болду. “Тойота Камри” автомашинасынын айдоочусу жолдун жээгинде турган беш адамды сүзүп кеткен. Авариянын кесепетинен, 2 аял жана 7 жашар бала набыт болду. Дагы 3 адам ар түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилип, 12 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Кырсыкка күнөөлүү деп шектелген айдоочу дагы дарыгерлердин кароосунда. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында жана катуу ылдамдыкта келе жатканда, кырсыкка учураган. Бул боюнча медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.