7 жашар кызды аёосуз сабаган өгөй эне (видео)

1137

Чүй областында жети жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Эки күн мурда Бишкектеги ооруканага Аламүдүн районунун Маевка айылынан тез жардам менен секелек токмоктолгон абалда жеткирилген. Анын денесинин баары көгала болуп, мээси чайкалган. Кылмыш иши “денеге атайлап зыян келтирүү” беренеси менен козголду. Маалыматтарга караганда, кызды өгөй энеси сурабай туруп бир кесим нан алып жегени үчүн катуу сабаган. Ал буга чейин да токмок жеп келгенин бул ирет өгөй апасы отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урганын айтып берген. Учурда экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен травманын деңгээлине жараша кылмыш ишинин беренеси да өзгөрүшү мүмкүн.