7 жаштагы Айжан шахмат боюнча Азия чемпионду аталды (видео)

1673

Таиландда өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатында ийгиликке жетишкен бир тууган спортчулар мекенине кайтып келди. Эл аралык мелдеште 7 жаштагы Айжан Съездбекова алтын медаль тагынды. Бирок бул жаш спортчунун алгачкы жеңиши эмес. Тайланда өткөн Азия биринчилигине Айжандын бир тууган агасы дагы катышып, шахматтын рапид түрү боюнча коло байгени багындырды. 16 жаштагы Руслан Съездбеков буга чейин Азиянын 3 жолку жана Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болгон.