7 жаштагы баласын ур-токмокко алган атасы тергөө абагына киргизилди

717

7 жаштагы баласын ур-токмокко алды деп шектелген адам Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, шектүү баласынын колун сындырып, денесинин бир топ жерине залал келтирген. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында да, баланын денесинде жаракаттар бар экени аныкталган.

Шектүүгө карата «саламаттыкка залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ошондой эле, баланын энеси да тартип сакчыларына арыз жазып, анда айыптоону колдой турганын билдирген.

Эске салсак, бул окуя май айында эле белгилүү болуп, бирок 33 жаштагы шектүүгө карата чара көрүү үчүн тартип сакчылары экспертизанын жыйынтыгын күтүп отурушкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.