7 жаштагы кызды катуу токмоктогон делген өгөй энеси камакка алынды

824

Учурда Чүй областтык ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Ал эми секелек кыз дагы деле ооруканада. Анын он жаштагы бир тууган агасы, өз апасы табылганча Бишкектеги реаблитациялык борборго которулду. Өгөй энеси камакка алынганына байланыштуу, анын өзүнүн эки кичинекей чүрпөсү балдар үйүнө жеткирилди.

Эске сала кетсек, 11-мартка караган түнү ооруканага Маевка айылынан катуу сабалган кыз жеткирилген. Анын денеси көгала так болуп, мээси чайкалган. Иликтей келгенде, ал сурабай туруп бир кесим нан алып жегени үчүн өгөй энеси тарабынан чөмүч менен токмоктолгону белгилүү болгон.

Бул факты боюнча “денеге атайылап залал келтирүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.