7 жыл мурда башталган реформалардын жемиши (видео)

613

Өмүрбек Бабановдун өлкө үчүн жасаган башка иштерине дагы токтолсок, ал премьер-министр болуп турганда баштаган реформалары азыр жемишин берүүдө. Алсак, 2012-жылдан тарта так ушул Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен дыйкандарга 7 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя берилип келе жатат. Жети жылдын ичинде 90 миңден ашык фермер арзандатылган кредит алып, иши ордунан жылган.

Ал эми Жогорку Кеңешке депутат болуп барганда Өмүрбек Бабанов жетектеген фракция эл өкүлдөрүнүн артыкчылыктарын жоюуну сунуштап чыккан. Анын арты менен азыр жылына 60 миллион сом үнөмдөлүүдө. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр дагы кыскартылган.