7 жылдын ичинде Кумтөрдөн 87 миллион каражат өлкөнүн эсебине келип түшөт

698

Бул өкмөт менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенден кийин белгилүү болду. Буга чейин, Кыргызстан экинчи тарап менен макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүн макул эместигин билдирген.

Бирок узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн. Ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген.

Өкмөт кошумча 63 миллион долларга жетишип, бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган эмес. Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 77 миллион доллардан ашуун каражат алат. Анын ичинде «Онкологияга каршы өнүктүрүү» фондуна учурда келип түшкөн 7 миллион доллар бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.