70 миң кыргызстандык Россиянын кара тизмесинде (видео)

777

70 миң кыргызстандык Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде турат. Учурда алардын жарымы үчүн бул чектөөнү жоюуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Республика-Ата Журт фракциясынын отурумунда миграция кызматынын төрагасы билдирди.

Ошондой эле ал, ар бир алтынчы кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жүрсө алардын 80% Россияда экенин билдирди. Андан тышкары, Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү, Кыргызстанда ички жер которуу да активдүү жүрүп жатканын айтышууда. Буга жер-жерлерде сапаттуу билим, медициналык тейлөөнүн жоктугу, жумушсуздук түрткү болуп жатат, дешет эксперттер.