71 жыл бирге түтүн булаткан ардагерлер (видео)

987

70 жылдан ашуун бирге өмүр сүрүп келе жаткан согуштун жана эмгектин ардагерлери! Улуу Ата Мекендик согуш аяктаганына быйыл 73 жыл толсо, Степан Волошин менен Евдокия Волошина баш кошуп, бирге түтүн булатканына 71 жыл болду. Бири кан майданда салгылашып, экинчиси тылда жанын карч уруп эмгектенген. Болочок жубайлар согуштан кийин бир ишканада эмгектенип жүрүп таанышышкан. Ошондон бери Степан Павлович менен анын жубайы өздөрүнүн эмгек жолу жана үй-бүлөлүк турмушу менен көпчүлүккө өрнөк болуп жашап келишүүдө. Учурда согуш ардагери 93 жашта, анын өмүрлүк жары болсо — 90до.