74 депутат Бабановду үй камагына чыгарууну суранды (видео)

2051

Жогорку Кеңештин 74 депутаты Бишкектин соттук коллегиясына кайрылып, Өмүрбек Бабановду үй камагына чыгарууну суранышты. Эл өкүлдөрүнүн колу коюлган өтүнүч каты фемида өкүлдөрүнө, УКМКга жана Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Анда Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, президенттикке мурдагы талапкер, экс-премьер Өмүрбек Бабановдун камакка алынышы коомчулукта резонанс жаратып, жарандар ага карата козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептерин жана Өмүрбек Бабановдун мамлекеттин, элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча жасаган иштерин эске алып, аны үй камагына чыгарууну суранабыз деп жазылган.