8 ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду (видео)

2046

Акыркы 8 ай ичинде авариядан 497 адам каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, былтыркыга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктарынын саны кескин өсүп, 4,5 миңден ашты.

80 пайызы айдоочулук күбөлүк алгандарына 1ден 3 жылга чейин болгондордун айынан болуп жатканы айтылууда. Авариялардын санын азайтуу максатында ишке киргизилген “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы дагы деле болсо аягына чыга элек. Анын себеби эмнеде?