8 ай иштеп, эмгек акысын ала албаган жолчулар (видео)

931

«Ош — Баткен — Исфана» жана «Талас — Тараз — Суусамыр» жолдорун реконструкциялоодо иштеген 100дөн ашуун жумушчу сегиз айдан бери маянасын жана техникасынын ижара акысын ала албай келатканын айтып даттанышууда. Алардын 100 миң сомдон — 500 миң сомго чейин аласалары бар экен. Эске салсак, Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо боюнча сынак жарыяланып, аны Азербайжандын «Алке-Иншаат» компаниясы утуп алган.

Ишти аткарууга бөлүнгөн каражатты ал фирмага Транспорт жана жолдор министрлиги төлөп берген. Бирок министрлик менен келишим түзгөн «Алке-Иншаат» компаниясы башка бир түркиялык «Чакыр Япы» ишканасын жалдаган. Алар өз милдетин убагында аткарбай, жумушчуларга акы төлөбөй жатканы айтылууда. Жумушчулардын айлыгын өндүрүп берүүгө Транспорт министрлигинин күчү жетеби?