8 айлык баласы менен 4-кабаттан кулап түшкөн аялдын абалы канааттандырарлык

815

Ошто 8 айлык баласы менен 4-кабаттан кулап түшкөн аялдын абалы канааттандырарлык. Ал эми ымыркай башынан жарат алып, анын абалы оор бойдон калууда. Окуя кечээ күнү кечки саат бештер чамасында Ош шаарынын Черёмушки кичи районунда болгон. 40 жаштагы келин колундагы баласы менен жатакананын 4-кабатынан жерге боюн таштаган.

Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгында жабырлануучу жолдошу менен пикир келишпестиктен улам Кара-Балта шаарынан Ошко бир тууган эжесинин үйүнө барганы белгилүү болду. Айрым күбөлөр соңку мезгилде келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөнүн көрүшкөн. Окуя болгон күнү да кызуу абалда болгонун айтышууда. Азыркы тапта бул кырсык иликтенип жатат. Ош шаардык милициясы бул окуяны «өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен каттаганы маалым болду.

Ушуга окшогон окуя кечээ Бишкекте да катталып, Чыгыш-5 кичи районунда 53 жаштагы аял көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан боюн таштаган. Аял оор абалда ооруканага жеткирилген.