8 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы. Дагы экөө өтө оор абалда (видео)

1754

Ош областынын Кара-Суу районунда 3 автоунаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынын курмандыктарынын саны 8 кишиге жетти. Өтө оор абалда жаткан 15 жаштагы өспүрүм ооруканада үзүлгөн. Ошондой эле, курман болгондордун өздүгү такталып, кырсыктын келип чыгуу себептери териштирилип жатат.

Ал арада жол кырсыктарында каза тапкандарды эскерүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Анда адистер каш-кабактын ортосунда адам өмүрүн алган авариялар көбөйүп баратканын айтып, бул жаатта тиешелүү мекемелер чукул чараларды көрүүсү зарыл экенин билдирип чыгышты.