8-мартта өзгөчө суроо талапка ээ болгон белектер (видео)

1864

Аялдардын майрамын утурлай базарларда соода кызыды. Акыркы убакта колго жасалган буюмдарга суроо-талап өбөйүп жатканы байкалууда. Көпчүлүк мырзалар апасына, эже-карындаштарына, жубайына кездемеден же болбосо булгарыдан жасалган кооз баштыктарды берип куттукташууда.

Жакын адамдарын кубантуу үчүн океандын ары жагынан интернет аркылуу буюртма бергендер да бар. Кардарлардын көптүгүнөн кээ бирлери жетишпей жатканын айтып, бирок буйрутма көбөйгөнүнө маанайлары көтөрүңкү. Майрам алдында кол өнөрчүлөрдүн гана эмес, гүл саткан дүкөндөрдө иштегендердин соодасы жүрүшүүдө.