8 миңге сатылып жаткан койлор — 12 миңге чыкты (видео)

1474

Өлкөдө эттин баасы жыл башынан бери 30 пайызга жогоруласа, акыркы айда эле бул азыктын баасы 5 пайызга көтөрүлгөн. Учурда базарларда уй-койдун этинин килограммы 450 сомго чыгууда. Буга эт саткандар өздөрү да нааразы. Себеби аларга да азык кымбат келип жатыптыр.

Мал базарларда болсо, согумга жараган жандыктар бир кыйла кымбаттаган. Жыл башында 8 миңге сатылып жаткан койлор, учурда 12 миңге чыккан. Муну соодагерлер малдын коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатышы менен түшүндүрүүдө.