8 жаштагы кызды зордуктоого өз атасы шектелүүдө (видео)

1027

Ош обласында 8 жаштагы кызды зордуктоого өз атасы шектелип кармалды. Учурда бул факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар жасалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Жабыркаган тарап түштүк борбордогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылган. Мекеменин башчысы Дарика Асылбекова кыздын энесинин айткандарына таянып, билдирүү таратып, милицияга арыз берген.

Өз атасынан жабыркаган, деп айтылып жаткан кыздын психологиялык абалы учурда оор деп бааланууда. Ал катуу коркуп калгандыктан окуусу начарлап, көп сүйлөбөй, арыктап кеткен. Тартип сакчылары учурда бул ишти кылдат текшерип жатышат.