800 миң шайлоочу добуш бере албайт (видео)

789

Бюллендерди кесүү, номер-2 формасы менен шайлоочулардын тизмесин түзүү жана кошумча добуш берүү тилкелерин ачуу мыйзамсыз. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн жарандык кыймылдын биринчи отурумунда айтылды. Уюмдун жыйынына Каттоо кызматы менен Боршайкомдун мүчөлөрү катышып, акыркы маалыматтарды беришти. «Таза шайлоосуз таза коом жок» кыймылынын отурумунда негизинен Борбордук шайлоо комиссиянын акыркы чечимдеринин мыйзамдуулугу жана талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүп жатабы деген маселе каралды. Чогулушка катышкан аткаминерлер жана БШКнын мүчөлөрү шайлоо процессинде чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин моюнга алышты.