81 млн сомдук чыгым. Финансы полициясы кимге доомат коюп жатканын айтты

590

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген 81 миллион сомдук чыгымга байланышкан иш боюнча Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине дооматы жок экенин билдирди. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Эске салсак, өткөн аптада Финпол санариптик теле көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу маалында мамлекетке 81 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгендигин айтып, буга Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген маалымат тараткан.

Кийинчирээк, иликтөө маалында төлөмдөрдүн баалары Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан эмес, «Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмесинин» жетекчилиги тарабынын жогорулатылганы белгилүү болгон, деп айтылат билдирүүдө. Бул кылмыш ишинин алкагында эч кимге күнөө коюла элек.