82 жаштагы аравандык «студент-легенда» (видео)

530

Билим алуу — ийне менен кудук казгандай. Ош областынын Араван районунун тургуну Маматмуса Кулматов быйыл 82 жашында медициналык колледжди аяктап жатат. Учурда мамлекеттик сынактарга катуу даярданып жаткан маалы. Диплом колго тийгенден кийин өз кесибим менен иштесем деген үмүтү бар.

Аксакал бүтүрүүчү буга чейин 3 кесипте билим алыптыр. Бирок медицина кызматкери болом деген тилегин эч качан унуткан эмес. Тайпалаштары арасында «студент-легенда» деп аталып калган карыя.